Төө-Ашуудагы туннель оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, саат 16:00дөн тартып унаалардын бардык түрүнө эки тараптуу жабылган.
Бүгүн туннелдин ичинде оор жүк ташуучу унаа аба тазалоочу вентиляторго тийип, унаалардын өтүшүнө кооптуулук жараткан. Ошол себептүү чектөө киргизилди.
Кошумча маалымат берилет.





 
			     
 
 
 
 
