7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

367

Тажикстандын президенти 12-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Бул сапардын алкагында сапардын статусуна ылайык салтанаттуу иш-чаралар, ошондой эле президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

368