Кыргызстанга эт багытындагы абердин-ангус породасындагы асыл тукум малдын кошумча партиясы жеткирилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Фермерлердин суроо-талабы жогору болгондуктан, буга чейин алып келинген алгачкы 300 баш мал толугу менен сатылган. Асыл тукум мал сатып алууну каалаган фермерлер «Кыргыз Агрохолдинг» ААКка кайрыла алышат.
Мындан тышкары, программа аркылуу жылдык 3 пайыз менен 5 жылга чейинки мөөнөткө жеңилдетилген насыя берилет. Анын 500 миң сомго чейинкиси күрөөсүз, ал эми 500 миңден 20 миллион сомго чейинкиси күрөө менен каралган.
Насыя алуу үчүн «АБанк» же «Элдик Банкка» кайрылууга болот.



