Бүгүн, 2-ноябрда Талас облусунда 5 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталган «Талас-Арена» борбордук стадионунун салтанаттуу ачылышы өттү.
Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышып, өлкөдө футболду өнүктүрүүгө жана заманбап спорттук инфраструктураны түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Мамлекет башчысынын айтымында, стадион эл аралык стандарттарга ылайык курулуп, гибриддик газон, эки машыгуу талаасы, үч кичи футбол аянтчасы жана заманбап жарыктандыруу системасы менен жабдылган.
Президент жаңы стадион жаш футболчуларды тарбиялап, келечекте Кыргызстандын чемпиондору жана улуттук курама команданын мүчөлөрү чыга турган борборго айланышы керектигин айтты.



