7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖК төрагасы: Тесттеги тапшырмалар мектеп программасына дал келбейт

324

Мектеп программасына тесттеги тапшырмаларды дал келтириш керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн, 12-мартта парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мектеп программасына тесттеги суроолорду дал келтирүү керек.

«11 жыл мектепте окуган бала жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, жакшы жыйынтыкка жетишпей калып жатат. Мунун себеби, тесттеги тапшырмалардын мектеп программасына дал келбегендиги болууда. Экөө эки башка. Айла жоктон окуучулар жалпы республикалык тесттирлөөдөн жакшы балл алыш үчүн акча төлөп, 2-3 ай калганда башка окуу борборлоруна, башка мугалимдерге барып даярданып жатышат. Мындай убарагерчиликтин эмне зарылчыгы бар? Андан көрө мектеп программасына тесттеги тапшырмаларды дал келтириш керек»,- деди ал.

325