Бишкектин четиндеги турнирде улакчы көк бөрү ойноп жатып каза болду. Бул окуя тууралуу 7-каналга Ленин РИИБ тастыктады.
Кырсык бүгүн, 12-мартта Нооруз кубогунун биринчи лигасынын алгачкы оюнунда болгон. Анда «Бөрүлү» менен «Бүркүт» командалары беттешкен.
«Болжол менен 10-15 мүнөт өткөн соң, кагылышуудан улам оюнчу аттан кулап, эс-учун жоготкон. Оюн токтотулуп, жерине Тез жардам чакырылган. 1980-жылы туулган жаран ооруканага бара жатып жан берди. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталды»,- деп айтылат маалыматта.