7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ аймактык бөлүмдөр үчүн 30 жаңы унаа алды

344

Бүгүн, 14-март күнү ИИМдин борбордук аппаратынын имаратынын алдында аймактык бөлүмдөргө жаңы автоунааларды тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

ИИМдин имаратынын алдында жаңы кызматтык унаалардын ачкычтарын тапшыруу иш-чарасы болуп, бардык тиешелүү каражаттар менен жабдылган 30 «Нива» үлгүсүндөгү унаалар аймактык бөлүмдөргө бөлүнүп берилди.

Бул 30 автоунаа милициянын аймактык бөлүмдөрү үчүн алынган. Алардан 10 унаасы — Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Туристтик-экологиялык милиция бөлүмдөрүнө, 10 унаасы — Ош шаарынын бөлүмдөрүнө жана 10 унаа — Бишкек шаарынын бөлүмдөрүнө берилди.

Керектүү техникалык жактан жабдылган автоунаалар жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга ыкчам чара көрүү үчүн берилди.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков өз сөзүндө белгилегендей, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, аймактардагы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле сервистик тейлөөлөрдү аткаруу үчүн ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүн материалдык-техникалык ресурстар менен жабдууга өзгөчө көңүл бурулууда.

345