Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан 2,3 га жер тилкеси бар «Бар-Булак» пансионаты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
2005-жылы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан Социалдык фонддун Тоң бөлүмүнө болгон карызын төлөө үчүн Ак-Терек айыл өкмөтүнүн балансында турбаган бул пансионат мыйзамсыз берилген.
Ага карабастан 2006-жылы алуу-сатуу келишиминин негизинде Б.Ж. аттуу жаран пансионатты Тоң райондук бөлүмүнөн 2 542 740 сомго сатып алат. Бул бүтүм мамлекеттик каттоодон өтүп, ал жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт алган. Бирок, 2007-жылы Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотунун чечими менен Ак-Терек айыл өкмөтү менен Соцфонддун Тоң райондук бөлүмүнүн ортосундагы бүтүм жараксыз деп табылган. Буга байланыштуу аталган жаранга 2 542 740 сом өлчөмүндөгү акча каражаты кайтарылган, ал эми жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт тиешелүү түрдө жокко чыгарылган эмес.
Ал 2006-жылдан тартып бул пансионатты мыйзамсыз пайдаланган жана бул мүлктү легалдаштыруу максатында документтерди жасалмалап, 2016-жылы кредит алган жана пансионатты «Айыл Банк»ААКсына салган.
Ал документтерди жасалмалоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча шектелип, тергөө органдары тарабынан кармалган. Күнөөсүн мойнуна алып, «Бар-Булак» пансионатын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүп берген.
Учурда баалоо экспертизасы жүргүзүлүп, тергөө уланууда.