7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Түркиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

245

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-мартта, Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доганды Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

Мамлекет башчысы Ахмет Садык Доганга Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров эки өлкөнүн парламенттери менен мамлекеттик органдарынын ортосундагы ар тараптуу кызматташтык жигердүү өнүгүп жаткандыгын белгилеп, Түркия менен түзүлгөн жылуу боордош мамилелерди жогору баалады.

Президент ошондой эле өткөн жылы президент Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын оң натыйжаларын эске салды.

“Кыргызстан үчүн Түркия эң маанилүү жана ишенимдүү өнөктөштөрдүн бири. Учурдагы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы ишенимдүү жана ачык стратегиялык диалог күн тартипте турган ар түрдүү маселелерди чечүүгө жардам берип келүүдө”, — деди мамлекет башчысы.

Өз кезегинде Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган мамлекет башчысына өлкөдө болгон мезгилдеги колдоосу жана кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы бардык багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары да өнүктүрүүгө ишенимин билдирди. Ал ошондой эле Түркия Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы кечээки келишимдер боюнча расмий билдирүү жасаганын белгилеп, регион үчүн бул маанилүү окуяга байланыштуу куттуктоосун айтты.

246