7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте баңги затын өндүрүү жана таратуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

252

Баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, ошондой эле улуттун ден соолугун коргоо боюнча ишинин алкагында баңги заттарды – кара куурай майын (гашиш майын) өндүрүү жана таратуу менен алектенген адамдардын кылмыштуу тобун аныктап, алардын ишине бөгөт койду.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында кара куурай майынын кезектеги партиясын сатууга даярдоо учурунда эки жаран кармалды.

Мындан тышкары, аталган жарандардын жашаган жерин тинтүү учурунда баңги заты, кара куурай майы табылып, алар өзгөчө ири өлчөмдөгү айнек флакондор түрүндөгү вейп-картридждери менен алынган. Жогоруда аталган жарандар кылмышка шектелип №1 тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
КР УКМК баңги жана психотроптук заттардын таралышынын алдын алуу боюнча иш-чараларды улантууда. Андыктан, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги жана мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскертебиз. Мындан тышкары, баңги заттарды колдонуу адамдын ден-соолугуна жана балдарга, келечек муунга чоң зыян келтирет.

 

253