7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлик: «COVID-19 менен ооругандар эмделбейт деген түшүнүк туура эмес!»

524

Саламаттыкты сактоо министрлиги  COVID-19 менен ооруп айыккандар эмдөө албайт деген түшүнүк туура эместигин айтты. Бул жөн гана миф деп социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Министрлик белгилегендей, ооруп айыккан адамдардын табигый иммунитети канча убакытка чейин сакталышы боюнча так маалыматтар жок. Коронавирустан айыгып, антитело пайда болгондор деле кайрадан ооруп калган фактылар катталууда. Мындан улам сиз COVID-19  менен ооруп айыккан болсоңуз да, вакцина алуу пайдалуу, — деп жазат Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаров тууралуу: “Ал киши эмдөөдөн өтпөйт, анткени ал коронавирус менен ооруп айыкканына байланыштуу антитело пайда болгон. Эгер ага вакцина берсек, реакция жүрүп кетүүсү мүмкүн”, — деп билдирген болчу.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө коронавируска каршы эмдөө иштери башталганына бир жума болду. Бирок бул аралыкта болгону 600гө чукул адам эмдөө алган. Ал эми министрликтин түзгөн алгоритми боюнча 75 миң жаран апрелдин аягына чейин вакцинациялоодон өтүүсү керек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

525