7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанга БУУнун балдардын укуктары боюнча комитетинин мүчөлөрү келди

352

БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин мүчөлөрү Браги Гудбрандссон (комитеттин төрагасынын орун басары, Исландия) жана Тувайба Аль Барвани (комитеттин мүчөсү, Оман) Кыргызстанга расмий сапар менен келишти.

Иш сапардын алкагында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар, ошондой эле билим берүү, социалдык колдоо жана балдардын укуктарын коргоо жаатында кызмат көрсөткөн уюмдар менен таанышуу орун алат. Анын ичинде өзгөчө билимге муктаж, аялуу жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар бар.

Визиттин алкагында БУУнун Балдардын укуктары боюнча 2025-2028-жылдарга иш-чаралар пландалып, БУУнун балдар укуктары боюнча конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын бешинчи жана алтынчы мезгилдик отчетунда даярдалган балдардын укуктарын коргоо жана эң жогорку кызыкчылыктарын камсыз кылуу тууралуу тегерек столдор өткорүлөт. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун, эксперттик коомчулуктун жана жаштар демилгелеринин өкүлдөрү катышат.

353