7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

306

УКМК тарабынан маркум К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Т.К.И. кармалды.

«Ал уюшкан кылмыштуу топтун криминалдык иерархиясында алдыңкылардан болуп, маркум К. Асанбектин тапшырмасы менен анын ар кандай кылмыштуу көрсөтмөлөрүн, анын ичинде опузалап талап-тоноо жана башка өзгөчө оор кылмыштарды аткаргандыгы тууралуу маалыматтар алынган. Мындан тышкары, кылмыштуу коомду уюштуруп, кылмыштуу идеологияны карманууну улантып, коомдук коркунучтуу аракеттерди жасашкан.

Алсак, ал январда топтук тинтүүнү уюштуруу менен жарандардан 1 млн. 300 миң сом суммадагы акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган. Мындан тышкары, физикалык коркунуч көрсөтүү менен жеке ишкерге таандык 10 миң АКШ долларын жана 60 миң АКШ долларын түзгөн өндүрүш жабдууларын ээлеп алган» — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 31-мартында Бишкектеги “Халва” кафесинин жанында бычак менен жасалган кол салууга тиешеси бар, мурда УКМК тарабынан кармалган адамдар да, анын кылмыштуу чөйрөсүнүн мүчөлөрү болгон.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

307