7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токаев Караганды заводунан чыккан “Спутник V” вакцинасын алды

687

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев кече,  6-апрель Караганды фармацевтикалык заводунан чыккан коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасын алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын пресс-катчысы Берик Уалиге “Tengrinews.kz” маалыматтык агенттигине кабарлаган.

Маалыматка ылайык, процедурадан кийин Президенттин ден соолугунда эч кандай өзгөрүү байкалган эмес, абалы жакшы.

“Мамлекет башчысы бардык жарандарды тез арада эмдөөгө чакырат. Бул өзүңдү жана жакындарыңды коргоонун бирден-бир жолу”- деп билдирет Берик Уали.

Эске салсак, Токаев 26-январда Казакстандын Караганды облусунан чыгарылып жаткан вакцина сыноодон ийгиликтүү өтсө, Ата-Мекендик вакцинаны алууга убада берген болчу.

Караганды фармацевтикалык заводу 2020-жылдын декабрь айынан тартып  Россиянын “Спутник V” вакцинасын чыгарып баштаган.  Ага февраль айында өлкө бюджетинен 15 млрд теңге бөлүнгөн. Бул 2 млн доза вакцина чыгарууга пландалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

688