7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эки окуучу эл аралык олимпиададан 1-орунду ээледи

317

Жалал-Абад шаарындагы №1 М. Бабкин атындагы мектебинин 6-классынын окуучулары Альбина Самаганова жана Айлин Есеналиева Дубайда өткөн эл аралык олимпиадада математика сабагынан I орунду багындырышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев бул жеңиш — окуучуларыбыздын үзүрлүү эмгегинин, мугалимдердин талыкпаган мээнетинин жана билимге умтулган жаш муундун өжөрлүгүнүн жемиши экенин белгиледи.

Окуучуларды жана алардын ата-энелерин Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков кабыл алып, ийгиликтери менен куттуктап, мэриянын ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Дубайда өткөн эл аралык олимпиадага сегиз мамлекеттен 3 миңден ашуун окуучу катышкан.

318