Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы Ош базарына барып, аткарылган иштер менен таанышты.
Бүгүнкү күндө базардын негизги курулуш иштери аяктады. Соодагерлер үчүн заманбап шарттар түзүлүп, кышында жылуу, жайында салкын болуучу соода жайлар курулду.
Учурда базарга алып баруучу жолдун курулушу, инженердик тармактарды орнотуу жана аймакты көрктөндүрүү сыяктуу сырткы иштер уланууда.
Жаңы Ош базарын 2027-жылдын жаз айларында ачуу пландалууда. Базар сырткы инфраструктуралык иштер толук аяктагандан кийин пайдаланууга берилет.



