7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өкмөттүн демилгеси менен 2 жол эрежесинин айып пулу 70%га арзандайт

689

Кыргыз өкмөтүнүн жол эрежесин бузгандардын айып пулун азайтуу демилгесине ылайык Бузуулар кодексинедеги эки берененин айып пулу азайтылат.

Бул тууралуу, Бишкек шаардык жол көзөмөл башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев «Азаттык» радиосуна берген маегинде билдирди.

  • 123 — берененин 1-бөлүмү (Айдоочулардын белгиленген ылдамдыктан ашуусу. (10 км/сааттан көп, бирок 20 км/сааттан көп эмес)).
  • 1231-берененин1-бөлүмү («Жол белгилеринин талаптарын аткарбоо»).

Учурда бул эки беренени бузган айдоочуга 1000 сомго чейин айып пул салынат. Эгер айдоочу айып пулду 15 күндүн ичинде төлөсө акчанын өлчөмү 50% арзандайт.

Ал эми өкмөт демилгеси боюнча айып пулдун суммасы өзгөрбөйт, бирок 15 күндүн ичинде төлөсө 70% арзандатуу каралган.

3-апрелде премьер-министр Улукбек Марипов Кыргызстандагы социалдык-экономикалык кризиске байланыштуу өкмөт «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандарга карата айып пулду төмөндөтүүнү пландап жатканын билдирген.

«Коопсуз шаар» долбоорунун негизинде коюлган камераларга 2019-жылдын 4-мартынан 2021-жылдын 26-мартына чейин 2 миллион 239 миңден ашуун жол эрежесин бузган учурлар катталган.

Айдоочулар айып пул эрежеси киргенден тартып мамлекеттик бюджетке жалпысынан 1 млрд. 575 млн. сомдон ашык акча төлөшкөн.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айып салына баштаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

690