7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

20 саат аэропортто калып кеткен кол өнөрчүлөр «Turkish Airlines» авиакомпаниясын сотко берет

1290

Москва шаарында боло турган “Тюбетейка-Восточный базар” эл аралык кол өнөрчүлөр жана мода көргөзмөсүнө аттанган кыргызстандык кол өнөрчүлөр, Стамбулдан Москвага уча албай, кече 6-апрель 20 саат аэропортто калып кетти. Бул тууралуу жүргүнчүлөрдүн бири, “Бурана” мода үйүнүн негиздөөчүсү Назира Бегим фейсбук баракчасы аркылуу кабарлаган. Окуя тууралуу ал  7-каналдын сайтына буларды билдирди.

 

15 кишиден турган делегациядан алтообуз, акчабыз аз болгондуктан “Turkish Airlines” авиакомпаниясынан билет алганбыз. Алар, “Эч кандай кыйынчылык болбойт, биз аркылуу (Стамбул) өтүп кете аласыңар”-деп саткан. Биз Москвадагы ишчарага 2 айдан бери даярданып жатканбыз, Тышкы иштер министрлигинен НОТА алып, ПЦР тесттен өтүп, баардык жерден жакшына эле өтүп баратканбыз. Багажды тапшырып берип мына эми Москванын самолётуна отурабыз деп жатканда, алтообузду рейстен калтырып коюшту. Эмне болуп жатканын түшүндүргөн деле адам болбоду. Ошентип 20 саат аэропортто жаттык. Ишчара аяктаган соң компанияны сотко берели деп жатабыз” –дейт Назира Бегим.

 

 

Алардын арасында 70 жаштагы кол өнөрчү аял да бар болгон.

“Тюбетейка- Восточный базар” эл аралык кол өнөрчүлөр көргөзмөсү 8-11-апрель  Москванын борбордук бөлүгүндө өткөрүлөт.

Кыргызстандык дизарнерлер ишчаранынын демилгечиси, уюштуруучу тобунда болгондуктан, сөзсүз барышыбыз керек дешет.

Биз кыргыздын маданиятын, кол өнөрчүлүгүн жайылталы деп аракет кылып жатсак, Өкмөт, министрлик жардам бергендин ордуна, “Бул мамлекеттик делегация эмес, өзүңөр күнөөлүүсүңөр”-деп актанып олтурат. Эч кандай колдоосун сезе албадык, кайрылбаган жерибиз калбады” деген Назира айым, командасы менен кайрадан билет алууга мажбур.

Белгилей кетсек, өткөн жумада эле Жарандык авиция агенттигинин жетекчиси Бакыт Жунушалиев маалымат жыйын өткөрүп, Россияга жумасына туруктуу болгону 3 рейс бар экендигин кабарлаган.

 

«Учурда пандемияга байланыштуу жумасына болгону 3 туруктуу каттам бар. Андан сырткары атайын Чартердик каттамдар иштеп жатат. Москвадан Бишкеке карай жүргүнчү аз, чартердик учак бош келип, бул жактан алып кетет. Ошондуктан келүү чыгымы да кетип жаткандардын билетине кошулуп, билет кымбат болууда»-деди Жунушалиев.

 

 

Авиабилеттердин баасы, ушул учурда май айына 28-35 миңден сатылууда. Бул Бишкек-Москва авиакаттамына эң арзан баалар.

Ал эми жакынкы аралыктагы чартердик каттамдардын билет баасы 70-80 миң сомдон сатылууда.  Андан сырткары, сөзсүз түрдө сапардын максатын түшүндүргөн «аныктама» талап кылышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1291