7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Прокуратура “Апрель” телеканалынын ишин токтотууну суранууда

305

Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан сотко «Апрель» телеканалын жабуу боюнча доо арыз берилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

«Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен келип түшкөн материалдардын, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын эксперттик корутундуларынын негизинде, Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан Октябрь райондук сотуна “Апрель ТВнын” социалдык тармактарда ишмердүүлүгүн токтотуу жана “Апрель” телерадиоканалына берилген уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө доо арыз берилген. Арыз учурда кароо стадиясында»,- деп айтылат маалыматта.

Прокуратура арызды коомдук коопсуздукту коргоо, мыйзамсыз маалыматты таратуунун алдын алуу жана Кыргызстандын массалык маалымат каражаттары боюнча мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо максатында берген.

306