Кадамжайда унаа кырсыгынан өспүрүм көз жумду. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
21-апрель күнү түшкү саат 12:30 чамасында Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Раззаков жолунун 95-чакырымында жол кырсыгы катталган. Мерседес-Бенц-312 үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан Үч-Коргон айылынын тургуну жолдун оң тарабында жүргөн жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен Арпа-Сай айылынын 2007-жылы туулган тургуну алган жаракаттарынан улам Үч-Коргон аймактык ооруканасына жетпей каза болгон. Бул факты Кадамжай РИИБге Кылмыш жаза кодексинин 312-беренеси менен катталып, айдоочу 21-июнга чейин камакка алынган.
Жергиликтүү ЖМКлар ал классташ кыздары менен жолдун экинчи тарабындагы дүкөнгө балмуздак сатып алганы бара жатканын жазды.