Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргызпатенттин базасында түзүлгөн эки министрликке жетекчилер дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, агартуу министринин милдетин Догдуркүл Кендирбаева, ал эми илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин Бактияр Орозов аткарып турмакчы.