Антальяда «Энелер күнү» жана «Кыргыз айымдары» коомунун 7 жылдыгы белгиленди
181
Анталья шаарында жашаган кыргызстандык мекендештер “Энелер күнүн” жана “Кыргыз айымдары” коомунун негизделгенине 7 жыл толушун бирге
белгилешти.
Иш-чара майрамдык маанайда өтүп, ага Түркияда жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, активист айымдар жана меймандар катышты.Салтанатта коомдун 7 жылдык ишмердүүлүгү, мекендештердин ынтымагын бекемдөөдөгү орду белгиленип, маданий программа тартууланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө балдар тарабынан даярдалган концерттик номерлер жана улуттук тамак-аштар коштолгон чакан көргөзмө уюштурулду. “Кыргыз айымдары” коому 2018-жылы Түркиядагы кыргыз аялдарын колдоо, маданиятты жана салт-санааны жайылтуу максатында түзүлгөн. Бүгүнкү күндө уюм коомдук иш-чаралардан тышкары, социалдык колдоо жана билим берүү жаатында да бир топ аракеттерди көрүп келет.