7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ок атуу боюнча Дүйнө кубогунда кыргызстандык спортчу күмүш медаль алды

321

19-25-май күндөрү Германиянын Зуль шаарында жаштар арасындагы ок атуу боюнча дүйнө кубогу өтүп жатат.

Кыргызстандын ок атуу спорт федерациясынын спортчусу, улуттук курама команданын мүчөсү Имандос Бектенов эл аралык аренада мыкты жыйынтык көрсөттү.

Бул көнүгүүгө дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринен келген 94 спортчу катышты. Квалификациялык турда Бектенов 579 упай топтоп, экинчи орунду ээлеп финалга чыкты.

Финалдык бөлүктө Имандос жогорку чеберчилик көрсөтүп, 240.2 упай менен күмүш медаль утуп алды.

322