7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөндө мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен автобекет мамлекетке кайтарылды

177

Өзгөндө мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен автобекет мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

2001-жылы шаардык мэрия автобекет курууга жер бөлүп, кийин ал участок «Тулпар» ишканасына туруктуу пайдалануу укугу менен жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн берилген.

Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча райондук башкармалыктын кызматкерлери ишканага мамлекеттик актыны мыйзамсыз бергени такталган. 

«Тулпар» ишканасынын акционерлери автобекеттин мыйзамсыз менчиктештирилгенин моюнга алып, жерди шаардык мэриянын балансына өткөрүп берген.

 

178