7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ак-Талаада амалкөй аткаминер кармалды

583

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук финансы башкармалыгынын жетекчиси К.Б.К. кармалганын УКМК кабарлады.

Маалыматка караганда, Ак-Талаа райондук финансы башкармалыгынын башчысы кызматтык унааны менчикке өткөрүү үчүн өзүнүн «схемасын» ойлоп тапкан.

Аткаминер эсептен чыгарыла турчу Honda СRV кызматтык унааны күзөтчүгө менчиктештирүүгө укук берүү жөнүндө профсоюздун чечимине жалган протоколду тариздөөнү демилгелеген.

Андан соң жеке компания менен аталган унааны 150 миң сомго баалап, машинаны күзөтчүнүн атына каттатып, бирок өзү билгизбей пайдаланып жүргөн. 

Ошондой эле, эсептен чыгарганга чейин ал унааны бюджеттин эсебинен оңдотчу.

 

 

584