25-май, жекшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +26…+31, Талас аймагында +25…+30, Ош, Жалал-Абад облустарында +30…+35, Баткен өрөөнүндө +29…+30, Ысык-Көлдө +21…+26, Нарын жергесинде +23…+28 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек шаарында +29…+31, Ош калаасында +31…+33 градуска чейин көтөрүлөт.