Быйылкы ыйык ажылык сапары башталып, Сауд Араб падышалыгына келген кыргызстандык зыяратчылардын саны 1998ге жетти. Бул тууралуу муфтияттан маалымдашты.
Алардын алгачкы тобун Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабынын өкүлдөрү тосуп алып, жатаканаларга жайгаштыруу иштери ийгиликтүү жүргүзүлдү.
Зыяратчылар Медина жана Бишкек-Жидда багыттары боюнча келишип, учурда жатаканаларда жайгашууда. Ал эми жатаканалардан Харам мечитине чейин атайын ажылар үчүн каттаган автобустар ишке киргизилди.