7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда Июнь окуясында курман болгондор эскерилди

285

Бүгүн Сузак районунда 2010-жылдагы Июнь окуясынын 15 жылдыгы эскерилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.

Иш-чарада облус башчысынын орун басары Урматбек Самаев окуяда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, бүгүнкү өнүгүп келе жаткан Кыргыз мамлекети өткөндөн сабак алып, биримдикти чыңдоо менен келечекке кадам таштап келе жатканын белгиледи.

Ошондой эле өлкөдөгү улуттар арасындагы достуктун, бири-бирине болгон сый-урмат жана ишенимдин бекемделиши маанилүү экенин кошумчалады. Эске сала кетсек, 2010-жылдагы Июнь окуясында Жалал-Абад облусунда 592 адам жаракат алып, 82 жаран каза болгон. Төрт адам дайынсыз жоголгон.

286