Тогуз-Торо районунда президент Садыр Жапаров менен жолугушууда жергиликтүү тургундар бир катар көйгөйлөрдү көтөрүп, жардам сурап кайрылышты.
Алардын бири батирди менчиктештирүү маселесин айтып, турак жайын мыйзамдаштырып берүүнү өтүндү. Тургундун айтымында, айрым үйлөрдү бир койго сатып жиберип, 30 жылдан кийин кайра талашып жаткандар бар.



