7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутаттар жаза аткаруу мекемелеринен кабар алышты

18

Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова жана Медербек Алиев Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө абагына барды.

Парламенттен билдиргендей, эл өкүлдөрү абактагылар менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ошондой эле кармоо шарттары, бөлмөлөрдүн санитардык абалы, медициналык жардамдын жеткиликтүүгү, тамак-аш, китепкана, адвокаттар жана туугандары менен байланышуу мүмкүнчүлүктөрү сыяктуу маселелер менен да таанышып чыкты.

«Өз кезегинде депутаттар жаза өтөөчү жайларда адам укуктарынын сакталышын камсыздоо жана терс көрүнүштөрдүн алдын алуу багытында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун аткарып жаткан иштерине жогору баасын берди. Аны менен бирге мындай иш-чаралар коомдук жана парламенттик көзөмөл механизмин чыңдоого көмөктөшүп, Жаза аткаруу кызматынын ишинин ачыктыгын жогорулатарын белгилешти»,-деп айтылат маалыматта.

19