Кыргызстандын Камсыздандыруучулар ассоциациясы эскертет: 2025-жылдын 1-июлунан тарта, автоунаа айдагандарга милдеттүү ОСАГО полиси жок болсо, айып пул салынат.
• Жеке жактар үчүн айып пул — 3 000 сом.
• Бул мыйзам 2015-жылдан бери бар, бирок жеке жактарга айып пул салуу 1-июлдан баштап гана колдонулат.
ОСАГО — бул жөн гана формалдуулук эмес, жол кырсыгы болгондо сизди жана башкаларды коргогон каржылык коопсуздук.
Ал жабыркагандарга келтирилген чыгымдын ордун төлөп берүү менен сизди чоң чыгымдардан сактайт.
Полисти азыр эле тариздеп алыңыз!
Камсыздандыруу компаниялары кеңейтилген график менен иштеп жатышат. Ошондой эле полисти онлайн сервистер аркылуу да тариздөөгө болот. Акыркы күнгө калтырбаңыз!
Кеңеш жана маалымат алуу үчүн жалпы байланыш номери — 1292.
Кыргызстандын Камсыздандыруучулар ассоциациясы бардык айдоочуларды — жеке жактарды мыйзам талаптарын жоопкерчилик менен аткарууга жана ОСАГО полисин өз убагында тариздөөгө чакырат.