7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзамсыз диний кыймылдын мүчөлөрү кармалды

34

КР УКМК коопсуздукка коркунуч келтирген экстремисттик жана террористтик коркунучтарды, ошондой эле мыйзамсыз диний ишмердүүлүктү аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында радикалдык такфирдик-жихадисттик агымдарды үгүттөгөн диний ячейканы аныктады.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул топтун мүчөлөрү радикалдык-экстремисттик көз караштарды жайылтуу менен алектенип, өз чөйрөлөрүндө үгүт иштерин жүргүзүп, зордук-зомбулукка чакырыктарды камтыган материалдарды таркатып, ошондой эле башка агымдардын жана диндердин өкүлдөрүнө карата сабырсыздыкты үгүттөгөндүгү аныкталган.

2025-жылдын 11-июнунда соттун санкциясы менен Бишкек шаарындагы он даректе тинтүү жана башка атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 10дон ашуун адам кармалган.

Жыйынтыгында катталбаган диний адабияттар, экстремисттик символика, 1 ок атуучу граната, ар кандай маркировкалары бар 3 патрон, 1 жылмакай мылтык, 1 страйкбольный привод (м16/М4 автоматынын аналогу), 1 сигналдык пистолет, 2 пневматикалык пистолет, акча каражаттары, бычактар, кылыч, байланыш каражаттары, радикалдуу мазмундагы аудио — жана видеоматериалдар алынды.

Санариптик маалымат каражаттарына жүргүзүлгөн талдоо, ошондой эле соттук-дин таануу экспертизасынын корутундусу куралдуу жихадды жана террористтик ишти жүргүзүүгө чакырыктар жана радикалдуу экстремисттик маалыматтын белгилери бар видеожазуулар жана аудиоматериалдар бар экендиги тастыкталды.

Учурда бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

35