7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аба ырайы +41 градуска жетиши мүмкүн. Ысыктан кантип сактануу керек?

18

Кыргызстанда 17-19-июнь күндөрү ысык аба ырайы күтүлүп, абанын температурасы 41 градуска чейин көтөрүлөт. Саламаттык сактоо министрлиги жарандарга ысыктан кантип сактануу керек экендиги боюнча сунуштарды берди.

Мындай жогорку температура калктын ден соолугу үчүн кооптуу болуп саналат. Айрыкча улгайган адамдарга, кош бойлуу аялдарга, балдарга жана өнөкөт оорулардан (жүрөк-кан тамыр, өпкө оорулары, кант диабети ж.б.) жапа чеккен адамдарга кооптуу.

Мындай ысыкта кан коюуланып, жүрөк-кан тамыр системасына кошумча күч келет жана тромбдордун пайда болуу коркунучу жогорулайт.

Аномалдуу ысыкта саламаттыкка кам көрүү үчүн бир нече жөнөкөй сунуштар:

  • Саат 11:00ден 16:00гө чейин күндүн түз нурунан алыс болууга аракет кылыңыз. Эгер бул убакта сыртка чыгуу зарыл болсо, көлөкө жерлерди тандап, түз күн нурларынан оолак болуңуз.
  • Табигый материалдардан — зыгыр, пахта, жибек сыяктуу тердин буулануусуна тоскоол болбогон ачык түстөгү жеңил кийим кийип жүрүңүз. Жеңил түстөгү баш кийимсиз сыртка чыкпаңыз.
  • Мүмкүн болушунча бул мезгилде кара жумушту азайтыңыз.
  • Сууну жетиштүү ичүү өтө маанилүү. Көбүрөөк суюктук ичип туруңуз (кайнап муздатылган суу, суу кошулган ширелер, морс, лимонад, квас, газдалбаган минералдык суулар, улуттук жана башка сергитүүчү суусундуктар). Суу өтө муздак болбошу керек, себеби ысыкта ангина жана курч респиратордук оорулардын коркунучу жогорулайт.
  • Жемиш-жемиштерди жана жашылчаларды көбүрөөк жегенге аракет кылыңыз.
  • Вентилятор жана кондиционер колдонуңуз. Бирок абанын агымы түз сизге багытталбашы керек — ал бөлмө ичинде тегеренип турганы оң.
  • Эгер мүмкүнчүлүк болсо, мээлүүн сууга чайканыңыз же суу сүлгү менен денеңизди сүртүңүз. Мындай шарт жок болсо, нымдуу салфеткаларды колдонуңуз.
  • Кан басымыңызды жана кандагы канттын деңгээлин текшерип туруңуз, дайыма ичип жүргөн дары-дармектерди ичүүнү улантыңыз жана аларды жаныңызга ала жүрүңүз.
  • Балдарга арык, канал, фонтан жана башка туш келди суулардан ичүүнүн кооптуу экенин түшүндүрүп коюу зарыл.
  • Эгер өзүн жаман сезүү белгилери пайда болсо, физикалык аракеттерди токтотуп, дароо медициналык жардамга кайрылыңыз.

19