Бүгүн, 17-июда Бишкек шаарында УКМКнын жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин балдары үчүн “Ак-кайың” балдар бакчасы пайдаланууга берилди.
Бала бакчанын ачылыш аземине УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев, УКМК ардагерлери жана өздүк курамы, ошондой эле бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.
Аталган бала бакчанын эски имараты 1975-жылы курулгандыктан, эскилиги жеткен. Мындан улам мектепке чейинки билим берүү мекемеси толугу менен жаңыланып, 240 балага ылайыкталган эки кабаттуу имарат курулду. Курулуш иши 2024-жылдын октябрь айында башталып, 2025-жылдын май айында бүткөрүлгөн. Ичинде бардык заманбап шарттар камсыздалган.
Салтанаттуу иш-чарада Камчыбек Ташиев жаңы бала бакчанын ачылыш аземи менен куттуктап, кызматкерлердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу үчүн, алардын үй-бүлөсүнө кам көрүү, шарт түзүп берүү, жетекчиликтин башкы милдети экендигин белгиледи.
Андыктан, күч түзүмдөрүнүн жоопкерчиликтүү жумушту аркалаган кызматкерлери үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, алардын балдары үчүн республиканын бардык аймактарында бала бакчалар курулуп, пайланууга берилип жаткандыгын кошумчалады.
Мындан сырткары ата-энелер тарабынан да, балдарга түзүлүп жаткан камкордук үчүн жетекчиликке ыраазычылыктар айтылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө УКМК төрагасы мектепке чейинки билим берүү мекемесинде түзүлгөн шарттар менен таанышып, бала бакчанын тарбиялануучуларына белектерин тапшырды.