7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Жалал-Абаддагы Кайгуул-күзөт кызматынын жетекчилигин кармады

210

Жарандардан акча чогултууларды уюштургандыгы үчүн Жалал-Абад ОИИБдин Кайгуул-күзөт кызматынын жетекчилиги кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Кайгуул-күзөт кызматынын командири милициянын полковниги Ж.А.А. кызматтык абалынан пайдаланып, кол алдындагыларды коомдук тартипти бузган жарандардан, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин бузгандыктары үчүн автотранспорт каражаттарынын айдоочуларынан системалуу түрдө акча чогултууга мажбурлаган.

Ал “кызматыңардан алынасыңар” деп коркутуп, взводдун командирлерин ага жума сайын 20-30 миң сомдук акча каражаттарын берип турууга мажбурлаган. Ал эми взводдун командирлери өз кезегинде кол алдындагыларды элден акча чогултууга мажбурлашкан.

23-июнь күнү Жалал-Абад ОИИБнин Кайгуул-күзөт кызматынын командири, милициянын полковниги, Кайгуул-күзөт кызматынын взводунун командирлери, милициянын ага лейтенанты, милициянын кенже лейтенанты жана милициянын прапорщиги кармалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

211