7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу өчөт

13

Бүгүн, 27-октябрда Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 10:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта суу болбойт: Күлтегин — Гидростроительная — Дордой — Ибраимов — Курманжан датка — 12-көчө — Набережная — 8-көчө — Курманжан датка — Күлтегин.

Суу берүү «Энесай» суу алгычында оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу убактылуу токтотулат.

Мындан тышкары, саат 09:00дөн 00:00гө чейин Малдыбаев — Ахунбаев — Тыныстанов — Абдрахманов — Саманчин — 9-кичи район көчөлөрү менен чектелген аймакта да суу болбойт.

Бул аймакта суу берүү диаметри 300 миллиметр болгон суу түтүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу болууда.

14