Кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду.
Ал грек-рим күрөшү боюнча 72 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.
Исмаилов 25-октябрда мелдешке чыгып, Түркия жана Кытайдан келген спортчуларды катары менен эки жолу жеңип алган.
Чейрек финалда ал ирандык балбанга утулуп калган, жыйынтыгында ирандык спортчу финалга чыкты. Кыргызстандык балбан жубатуучу турнирде Швециянын өкүлүн мөөнөтүнөн мурда жеңип, коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Жыйынтыктоочу үчүнчү орун үчүн болгон беттеште Исмаилов килемде Россиянын өкүлү менен күч сынашты. Кыргызстандык спортчу 10:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.



