7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте курал-жарак катылган жашыруун жай табылды

470

Бишкекте курулуп бүтө элек үйлөрдүн биринен курал-жарак, ок-дары катылган жашыруун жай табылды.

Шаардык милициянын маалыматы боюнча, ал жер Тоха каймана аты менен белгилүү кишиге таандык болгон. Ал “Ислам мамлекети” террордук уюмунун жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп, ИИМдин атайын каттоосунда турган.

Тоха 2015-жылы Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде атайын операция учурунда жок кылынган.

Жашыруун жайдан табылган ок-дары, курал-жарактар:

▪️3 жардыруучу зат
▪️октолбогон 9 мм калибрдеги Макаров тапанчасы
▪️5 кол граната
▪️түрдүү калибрдеги 500дөн ашуун ок-дары
▪️Р.А. аттуу жаранга таандык күбөлүк
▪️Көлбаев жана анын жан сакчысы менен түшкөн түстүү сүрөт

471