7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Атада Чыныбай Турсунбековдун V мааракелик поэзия фестивалы башталды

279

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Чыныбай Турсунбековдун V мааракелик поэзия фестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Маданий саамалыкка Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, ошондой белгилүү акын, жазуучулар, коңшу Казакстан, Өзбекстандан келген акын, жазуучу жана өнөр инсандары катышууда.

Иш чараны Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд уюштуруп, 2020-жылы түзүлгөндөн бери кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө, жаш калемгерлерди колдоого, улуттук поэзиянын нукура баалуулуктарын сактоого жана даңазалоого багытталган ишмердүүлүктү активдүү жүргүзүп келет.

Фестивалдын жүрүшүндө акындар поэзия кечесин уюштуруп, чыгармачылык кечелер, китеп көргөзмөлөрү жана адабий окуулар менен коштолот.

280