Бишкекте эки кичинекей баласын ээрчитип курьер болуп иштеген аялга бир суткада 6 миллион 136 миң сом чогулду. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда жарандык активист Жаныш Нарынбиев социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.
Анын айтымында, чогултулган акча курьер айымга үй сатып алууга мүмкүнчүлүк түздү.
Буга чейин жергиликтүү тургундар жана жарандык активисттер үй-бүлөгө кийим-кече, азык-түлүк алып барып жардам берип келишкен.



