Кыргыз кесипкөй театрынын 100 жылдыгына жана КР Баатыры Күлүйпа Кондучалованын элесине арналган XIV Республикалык театр фестивалы 26-октябрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында башталды. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов жана маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков катышты.
Фестивалга катышкан театрлардын өкүлдөрү кызыл килемден өтүп, муундардын сабакташтыгын жана кыргыз театр искусствосунун кылымдык тарыхынын маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Иш-чаранын алкагында ошондой эле «Эргүү» улуттук театр сыйлыгынын эл аралык сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр жарыяланды.
Фестиваль 30-октябрга чейин уланат. Ага эксперттик комиссия тарабынан тандалып алынган Кыргызстандын 10 театры катышууда.



