7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөгө сырттан алма киргизүүгө убактылуу тыюу салынды

15

Кыргызстанда ата мекендик багбандарды колдоо жана 2026-жылы жыйналган алманын түшүмүн сатууга шарт түзүү максатында алма импортуна убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Тыюу 2027-жылдын 1-февралына чейин күчүндө болот.

Белгиленгендей, өлкөдө алма бактарынын жалпы аянты 26 миң 324 гектарды түзөт. Быйыл 179 миң 393 тонна алма жыйналышы күтүлүүдө. 2026-жылдын январь-август айларында Кыргызстанга 6 миң 438,9 тонна алма импорттолгон. Анын негизги бөлүгү Польша, Кытай жана Өзбекстандан келген. Ал эми ушул мезгилде алманын экспорту 10 миң 779,52 тоннаны түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,3%га азайган.

16