Нарын районундагы айылдардын биринде жергиликтүү тургундар эки илтириги менен жүргөн ак илбирсти видеого тартып алышкан.
Видеонун авторлорунун маалыматына караганда, алар жаныбарларды айылдардын бириндеги чоң көпүрөдөн өтүп бара жаткан учурда байкашкан. Болжол менен илбирстин илтириктери бир жашта болушу мүмкүн.
Кыргызстан ак илбирстин негизги байырлаган аймактарынын бири болуп саналат. Өлкөдө бул жырткычтын саны болжол менен 450–550 башты түзөт.Ак илбирстердин негизги топтолгон аймактарынын катарына Ысык-Көл жана Нарын облустары кирет.
Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыгына ылайык, ал өлкөнүн улуттук символу катары таанылган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



