7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажик президентинин Ворух анклавына болгон сапары \ФОТО

571

Бүгүн, 9-апрель Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Кыргызстандын Баткен облусунда жайгашкан Ворух анклавынын жергиликтүү эли менен жолугушууга келди.

Иш сапардын алкагында, Тажикстан мамлекетинин эгемендүүлүгүнүн 30-жылдык юбилейине карата ачылып жаткан, 7 обьектин ачылуу аземине катышты.

Алар мамлекеттик желек аянты, маданият үйү, мектеп,  ичүүчү таза суу линиясы, тейлөө борбору, тигүүчү жана таттуу чыгаруучу цехтер жана интенсивдик бактын ачылуу аземи.

Эске салсак, Баткен облусунда жайгашкан,Тажикстандын Ворух анклавында жалпысынан 23 121 жергиликтүү жашоочу бар. Алардын 99%ы тажик улутунан. Буга чейин бир нече ирет кыргыз-тажик эки тараптуу кагылышуулар  болуп келген.

Мындан улам УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Тажикстанга Ворух анклавын башка чек арага жакын 12 миң гектарга алмашуу сунушун киргизген.

Тажик президентинин бул сапары чек-ара маселесиин чечилүүсүнө чоң салым кошушу күтүлөт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

572