7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев аткаминерлерди президенттен үлгү алууга чакырды

302

Садыр Жапаров акыркы 3-4 күн катары менен учагында гана уктап жатат. Камчыбек Ташиев аткаминерлерди президенттен үлгү алууга чакырды.

УКМК төрагасы чиновниктер майрам, дем алышка карабай иштеши керектигин белгилеген.

«Мына биз, жетекчилер, күн-түнүнө, базарына, ишембиге, майрамына карабай чапкылап иштеп жүрөбүз. Президентибиз дагы күнү-түнү тынбайт. Акыркы 3-4 күндө учакта эле уктап жатат. Малайзиядан «Манас» аэропортуна учуп келип, учакка май куйдуруп алып, үйүнө барбай Минскиге учуп кетти. Кээ бири жыргал жашоо деп ойлоп жатат. Бардык аткаминерлер, жергиликтүү бийлик органдары, ушундай иштешиңер керек. Дем алышта бириң Көлгө, бириң тоого, бириң өргүү алып чет өлкөгө чыгып кеткениңерди көрбөйүн», — деген Ташиев.

УКМК төрагасы кимде-ким мамлекеттик кызматка мындай мамиле кылса жоопкерчиликке тартылып, андан кийин кызматтан алынарын эскерткен.

«Мени көпчүлүгү жаман көрүшөт, жаман көрсө эмне кылайын, кызматым ушундай экен. Мыйзам бузган аткиминерлерди жазалоого милдетүүмүн», — деген ал.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

303