Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Тоголок кенинде алтын казуу долбоорун ишке ашыруу боюнча коомдук угуу болуп өттү.
«Кумтөр Оперейтинг Компани» жабык акционердик коомунун демилгеси менен өткөн коомдук угууга Жети-Өгүз жана Оргочор айыл аймактарынын тургундары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана жарандык активисттер катышты.
Бул иш-чарада «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» өкүлдөрү Тоголок кенинин тарыхы, учурдагы абалы жана кенди иштетүү пландары тууралуу айтып беришти.
Тоголок кенин иштетүү боюнча долбоордук топтун жетекчиси Алмаз Кожонов Тоголок кенинде кошумча геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүп, учурда штольня жана кенге баруучу жолдорду калыбына келтирүү иштери жасалып жатканын билдирди.
«Быйылкы жылы электр чубалгыларын тартуу, технологиялык жолдун, инфраструктуралык объектилердин курулушун баштоо пландалууда. Бул кенди иштетүүдө жергиликтүү экологиялык тең салмактуулук сакталат жана заманбап технологиялар колдонулат», – деди ал.
Жети-Өгүз районунун тургундарынын суроолоруна жооп берип жатып, Алмаз Кожонов Тоголок кениндеги бардык иштер белгиленген техникалык жана экологиялык талаптарга ылайык жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Коомдук угуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар жана активисттер алтын казуу ыкмасы, айлана-чөйрөнү коргоо жана жакынкы айылдардын тургундарын жумуш менен камсыз кылуу, жергиликтүү бюджетке салык жана башка төлөмдөр боюнча кызыктырган баардык суроолоруна жоопторду алышты.