7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барды

286

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июлда, мамлекеттик сапар менен Тажикстан Республикасына барды.

Мамлекет башчысынын учагы Душанбе шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Садыр Жапаровду Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тосуп алды.

Душанбе шаарынын эл аралык аэропортунда эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. Өз ара саламдашуудан кийин, өлкө лидерлерин улуттук кийим кийген улан-кыздар тосуп алышты. Андан соң мамлекет башчыларына 500дөн ашуун артист катышкан чакан концерттик программа көрсөтүлдү.

Сапардын алкагында президент Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле Тажикстандын Парламентинин эки палатасынын спикерлери жана өлкөнүн премьер-министри менен жолугушуулар пландалууда.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, ошондой эле бир катар эки жактуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Мындан тышкары сапардын алкагында кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форуму, ошондой эле эки өлкөнүн өнөр адамдарынын катышуусундагы “Түбөлүк достук” концерти өтөт.

287