«Кыргызстан аэропорттору» ААК авиациялык инфраструктураны модернизациялоо боюнча программанын алкагында заманбап 9 өрт өчүрүүчү унаа сатып алды.
Анын ичинде Mercedes-Benz үлгүсүндөгү — 3, ал эми КамАЗ үлгүсүндөгү 6 заманбап аэродромдук өрт өчүрүүчү автоунаа сатып алынды.
Техникалар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
- «Манас» эл аралык аэропортуна — 3 техника;
- «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын Ош филиалына — 4;
- «Каракол» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторуна — 1ден.
Жаңы автоунаалар аэропорттордогу өзгөчө кырдаалдарда чара көрүү боюнча эл аралык стандарттарга толук жооп берет.
Бул Кыргызстандын аэропортторунун коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча стратегиянын дагы бир кадамы.