7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Футбол. Бишкекте олимпиадалык курамалар арасында эл аралык мелдеш өтөт

11

15-23-июль күндөрү Бишкек шаарында футбол боюнча олипиадалык курамалар арасында (U-23) эл аралык футбол мелдеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.

Турнирге Кыргызстандан тышкары Оман, Бахрейн жана Сирия мамлекеттеринин курамалары катышат. Беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо жана «Достук Арена» (Беш-Күңгөй) футбол клубунун стадионунда өтөт.

Мелдештер атайын оюн-зоок жана концерттик программалары менен коштолот:

  • баалуу байгелер — башкы байге: чет өлкөгө эс алуу жолдомосу
  • акысыз балмуздак
  • аквагрим жана оюн-зоок зоналары
  • даамдуу тамактар менен фудкорт

Ал эми концерттик бөлүгүнө Султан Садыралиев, Нурайым Акылбекова жана башка коноктор катышат.

Мелдештин жүгүртмөсү:

  • 17-июль – 20:00 Оман – Бахрейн (ФК «Достук Арена»);
    20:00 Кыргызстан – Сирия (Д. Өмүрзаков стадиону);
  • 20-июль – 20:00 Сирия – Бахрейн (ФК «Достук Арена»);
    20:00 Кыргызстан – Оман (Д. Өмүрзаков стадиону);
  • 23-июль – 20:00 Оман – Сирия (ФК «Достук Арена»);
    20:00 Кыргызстан – Бахрейн (Д. Өмүрзаков стадиону);

Кирүү акысыз.

Белгилей кетсек, мелдеш 1-9-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турчу Азия кубогунун тандоо туруна даярдык көрүү максатында өткөрүлүүдө. Анда Кыргызстандын U-23 курама командасы E тайпасына Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланка курамалары менен күч сынашат.

12