Мурун башкалардын реформаларына суктансак, эми башкаларды суктандыра турган өзгөрүүлөр, жаңы ыкмалар ишке ашып жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына билдирди.
Анын айтымында, жакында Дүйнөлүк банктын изилдөөсүнүн жыйынтыктары чыкты. Анда Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөшкө болгон элдик ишенимдин көрсөткүчү салыштырылган. Мисалы, 2022-жылдын башындагы изилдөөсүндө мамлекет коррупция менен күрөшүп жатат деген ишеним 70 пайызга жетпеген болсо, 2025-жылдын ортосуна карата бийлик коррупция менен күрөшүп жатат деген элдик ишеним айылдарда 93 пайыз, ал эми шаарларда 89 пайызга чейин өскөнү көрсөтүлдү.
«Бул натыйжалар өзүнөн-өзү болуп калган жок. Мунун артында коррупция менен күрөшүп жаткан командага болгон президент Садыр Жапаровдун колдоосу турат. Анын ичинде коррупция менен болгон күрөштө Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин салымы жана миссиясына токтолгум келет.
Бүгүнкү күндө президентибиз тарабынан Камчыбек Ташиевге жөн гана күч органдарын жетектөө кызматы эмес, мамлекеттеги чоң өзгөрүүлөрдү жасоо милдети дагы жүктөлдү.
Бул милдеттерди ишке ашырууда – генерал карапайым элге жакын болду, жакты, колдоого алынды, бирок ошол эле кезде, чачынан көп душман чогултту. Анын душмандары уюшкан кылмыш топтордун калдыктары, коррупционерлер, мамлекетти талап-тоноп жегендер, бүгүнкү күндө Кыргызстандан качып кетип, алыста тиш кайрап отургандар көп эле болсо керек.
Ага карабастан коррупцияны тазалап, жеке колдорго өтүп кеткен мүлктөрдү мамлекетке кайтарып, аны менен эле тим болбостон учурдагы команданын дагы таза иштөөсүн системага салып жатат.
Мындай реформалар болгонго чейин тактап айтканда мурда – коррупциялык иштерде чиновниктер бири-бирин тымызын коргоп, көп нерсени жашырып келишсе, азыр болсо, жоопкерчилик күчөп, ар ким өз ишине олуттуу мамиле кыла турган болду.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевичтин ыкмасы тез жана чечкиндүү жүрүп жатат. Мындай тездик менен болгон аракеттерди кээ бирөөлөр «бул өтө катуу кетип жатат» деши мүмкүн, бирок ошол эле учурда көптөр, айрыкча мамлекеттик органдардын жетекчилери мыйзамды сактап, туура иштөөгө аракет кыла баштады.
Жөнөкөй айтканда, бул – жөн гана коррупция менен күрөш эмес. Бул – башкаруу системасын жаңыча куруу деп бааласак болот.
Бүгүн болуп жаткан иштер бул – жаңыча башкаруунун башталышы. Эми ар бир жетекчи өз ишине жеке жооп берет. Мына ушундай реформалар керек болсо дүйнөлүк саясатта дагы үлгү болуп, оозго алынып, кошуналар дагы байкап, сөз кыла баштады.
Мурун башка өлкөлөрдөгү реформаларга суктанып келсек, эми болсо өзүбүздүн өлкөдө дагы башкаларды суктандыра турган өзгөрүүлөр, жаңы ыкмалар ишке ашып жатат», — деди ал.